КҮН ТУМУШ ЭЛИ
Энциклопедия "Манас". ч.1.КҮН ТУМУШ ЭЛИ — этноним. «Манас» эпосунун Радлов жазып алган вариантта кыргыздардан алыс жашаган эл катарында Бокмурун ашка чакырган көп сандаган элдердин арасында эскерилет: «Андан ары сен барсаң, Күн тумуш эли болучу, Ага жетип кабар бер» (Радлов жазып алган вариант 144).